325 miles (17:49)

0:00
0:00
325 miles (17:49)

Карагай көккө тирелген Калың чер токой арасы, Карайып түтүн уюган Кан жүргөн уруш талаасы… Жамгырдай октор төгүлүп, Замбирек кулак тундурат, Мурунку кездей нур чачпай Муңайып карап күн турат. Булбулдар кончу кайыңдын Бутагы окко тонолгон, Шылдырап аккан тунук суу Кызарып канга боелгон. Араба менен ат кыйрап, Тамыры менен бак кыйрап, Кадимдеп балбан кара жер Кайгырып, боздоп жатты ыйлап… Алтын жаш чөктү көлүнө Агылган суудай канынын, Ай бети кара так болду Алпештеп сүйгөн жарынын… Ызы-чуу ушул кыргында Ышкырып Ажал бийледи, “Өмүрдө колдо өкчөгөн Өзүмдөн күчтүү ким?» деди. Жайкалып турган көк шибер Жамгырсыз өчүп солгондой, Кыйла жан кыйрап сулады Кыямат кайым болгондой… Айлана муңга майышып Алсырап турду бул күнү, Араны жүрүп ажалдын Адамдын башын мүлжүдү… Дөбөдөй болгон бир танка, Гранат тийсе былк этпейт, Мөндүрдөй жаап ок барса Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт. Окопту кардай жиреди Акырын жылып алдыга, Кыйратпай муну соо койсо Кыргынды душман салды да… Белине беш чоң гранат Белсенип Жапар байлады, Шарылдап ташып кайраты Шакардай болуп кайнады. Сол колу менен бек кысып: “Эмилбек эсен жүр” деди. Алыска сапар кетчүдөй Акыркы сөзүн сүйлөдү: “Кайрылып эсен эл көрсөң Карыга, жашка салам, де! Кубарган чөлдө калк үчүн

1 Comments

Leave a comment

Author
4 years ago

See track description

User avatar
22.35k
Total plays
526
Followers
4
Following

You may also like