Limbo (04:29)

0:00
0:00
Limbo (04:29)

Жакшы болсоң, азамат, Болбос ишке тырчыгып, Жаман сөзгө барышпа. Андан көрө жадырап, Жакшы сөз менен арышта. Жакшы кийсең, жаш балдар, Көйрөңдөнүп элирбе. Жаш кезиңден кызмат кыл, Баркыңды билген элиңе. Өзүңө керек болбосо, Бирөөнүн жолун торгобо. Башкаларга жеткирбейт, Басыгы болот жоргодо. Пайгамбардын сөзү деп, Апырылтып калп айтса, Ишене бербе молдого. Кез-кез келчү меймандан Тамагыңды катпагын Душманыңа алданып, Элиңдин сырын сатпагын. Бет алган жоодон качпастан, Ишеничти актагын. Жаш кезиңде жаркылдап, Эмгегиңден талбагын. Карыганда калп айтып, Көрүнгөн жерге барбагын. Баркың кетип карганда, Шүмшүк болуп калбагын. Көрүнгөнгө карыз болуп, Сөз ээрчитпе артыңдан. Ачылып топко ырдабай, Адашып жүргөн калкымдан. Ашыра сүйлөп мактанып, Улууларга калп айтпа. Калпычы акта коносуң, Бир эмес, жалпы калк айтса

1 Comments

Leave a comment

Author
4 years ago

See track description

User avatar
22.35k
Total plays
526
Followers
4
Following

You may also like